Аялы күйөөсү менен ойношу үйлөнүп аткан тойдун үстүнөн чыгып…

Күйөөсүнүн аялы менен ажырашпай туруп ойношуна үйлөнгөн жатканын аялдын кошуналары айтып коюшкан. Бул тууралуу The Zambian observer порталынын билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазып чыкты.

Бул окуя Замбияда болуп өткөн. The Zambian observer порталынын маалымдаганына караганда күйөөсү үч бала төрөп берген аялын алдап коюп, башка шаарга жөнөп кеткен. Максаты ойношуна үйлөнүү болгон.

Кошуналарынын жардамы менен күйөөсүнүн арам оюн билип калган аялы, дароо үйлөнүү тоюу өткөн жаткан шаарга жөнөгөн. Аялы келгенде үйлөнүү тою өтүп жаткан мезгил экен. Аял тойду токтоттуруп, келген конокторду тараткан.

Ойношу эркектин аялы бар экенин билип туруп, баары бир никеге тургун деп кыйнаган, ал түгүл тойдун чыгымын да толук өзү төлөгөн.

Полиция эркекти камакка алган. Эми ал көп аял алууга жасаган далаалаты үчүн жети жылга чейин түрмөгө кесилип кетиши ыктымал, дейт The Zambian observer.