Райым Матраимовду түрмөгө олтургузууга болбойт. Эмне үчүн экенин премьер түшүндүрдү

Эгер бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду камап туруп, соттоп ийсек, анда ал мамлекеттик бюджетке бир тыйын да төлөбөйт, деп эсептейт президенттин милдетин аткарууч премьер-министр Садыр Жапаров. Бул туурасында ал BBC кыргыз кызматына берген интервьюсунда билдирди.  

Премьердин сөзүнө караганда, баштагы бажычы тууралуу чечимди ал өзү кабыл алган.

«Райым фамилиясын өзгөртүп Дубайга учуп кетүүгө даярданып жатыптыр. Аны кармаганда мага чалышты, камайбыз деп. Мен терең ойлонуп көргүлө деп сунуштадым. Мына, Алмазбек Атамбаевди камадык, а ал Райымадан үч эсе бай, милларддаган байлыгы бар. Андан казынага бир тыйын төлөтө алдыңарбы? Жок! Тескерисинче, эки жылдан бери мамлекеттик бюджеттин эсебинен багылып жатат. Ушундай эле абал Албек Ибраимов, Сапар Исаков жана башкаларга да тийиштүү. Мен башка жол менен барамын. Менин иштөө стилим башка», — деп айтты Садыр Жапаров.

Премьер, баштагы бажычыны беш секунда эле камап коюуга болоорун айтты. «Ал камалат, бирок сокур тыйын да төлөбөйт. Ал кармалгандан кийин эсеп-кысаптарынын баары блоктолот. Соттук териштирүү жылдап созулат. Бир сөз менен айтканда биз аны акчаны кайтарып бергенге мажубур кыла албайбыз. Эгер мүлкүн конфискация кылсак, 24 миллиондун ордуна 2 миллион гана алып калабыз», — деди Садыр Жапаров.

“Баардык коррупционерлерди акчаларды кайтарып берүүгө мажубур кылабыз. Кайтарып беришпесе, олтургузабыз”, деди президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров.

Өкмөт башчысы элден жана журналисттерден, «булар башынын эле сүйлөшүп алышкан», «атайын кое беришти», деп чуу чыргандын оордуна, кайра колдоо көрсөтүүлөрүн суранды.

Садыр Жапаров бюджеттин тартыштыгы 30 миллиард сомдон ашык экенин эскертти. «Биз азыр пособия, пенсия, айлыктарды төлөшүбүз зарыл. Ошондуктан, биринчи кезекте мамлекеттик казыныны толтурууну ойлошубуз керек», — деп тыянактады ал.

Булак: 24 kg.