Акжолтой Бекболотов «Кыргызфильмдин» директору болуп дайындалды

Акжолтой Бекболотов «Кыргызфильмдин» директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка маданият министри Нуржигит Кадырбеков кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодесинин 55-58-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013- жылдын 3- майындыг №236 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө” жобонун 13- пунктуна ылайык, Акжолтой Бекболотов Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Акжолтой Бекболотов буга чейин «Айтыш» коомдук фондунун директору болуп иштеген.