Окуялар

Алайда апасын өлтүрдү деп шектелген окуучу кыз бошотулду

Алай районунда апрель айында апасынын өлүмүнө шектелип кармалган өспүрүм кыз эркиндикке чыкты.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышка шектелген С. кызы А.нын ишин Алай райондук соту 14-октябрь күнү карап, сот залынан бошотту. Кыз Жазык кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүмү (аффект абалында киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, Жазык кодексинин 60-беренесинин (Кодекстин өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунун негизинде жазык жоопкерчилигинен бошотуу) негизинде иши өндүрүштөн кыскартылып, жазык жоопкерчилигинен бошотулду.

Окуя 24-апрель күнү Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүндө 10-класстын окуучусу менен 52 жаштагы апасынын катышуусунда болгон. Апасы көп жылдан бери ичкиликке берилип жүргөн. Каза болгон күнү да мас болуп, кызы менен урушкан деп божомолдонгону айтылган. Кызы колуна кулпуну алып, апасынын башына 2-3 жолу чаап жиберген. Апасынын башынан кан агып, жаткан жеринде каза болгон. Үйдө экөө гана жашап жүрүшкөн. Бул иш боюнча иликтөө башталып, кыз 2 айга камакка алынган болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button