Саясат

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунушталды

«Республика-Ата Журт» фракциясы өзүнүн мүчөсү Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунуш кылды. Мындай сунушту фракциянын төрагасы Жыргалбек Турускулов парламенттин 4-ноябрдагы отурумунда билдирди.

Азырынча андан башка фракциялар талапкер сунуштай элек. Бул тууралуу кеңешүү үчүн парламентте 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

Эскерте кетсек, ушул эле күнү парламенттин төрагасы Канатбек Исаев кызматынан кетерин жарыялаган. Муну саясатчы өзү жетектеген «Кыргызстан» саясий партиясы президенттикке талапкерликке сунуштап жатканы, бул сунушту кабыл алганы менен негиздеди. Өткөн аптада Канатбек Исаевди төрагалыктан кетирип, ордуна Талант Мамытовду коюу боюнча депутаттар кол топтоп жатканы кабарланган. Талант Мамытов — президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири.

Ал төрага болуп калса президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, анын ордуна президенттин милдетин аткарып калат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button