Саясат
Президенттик шайлоого дагы 5 киши арызын берди
Бүгүн, 14-ноябрда, президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына дагы беш киши арызын берди. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.
Талапкерлердин тизмеси:
- Анаркүл Араева, 60 жашта, пенсионер;
- Орозбек Мадинов, 52 жашта;
- ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, 51 жашта;
- Темирлан Ормуков, 44 жашта.
Мындан сырткары, премьер-министр Садыр Жапаров дагы бүгүн арызын берди. Ушуну менен талапкерлердин саны 40ка жетти.