Коронавирус. Жуктургандар көбөйүп, 3 бейтап каза тапты, 128 бейтаптын абалы оор


Өлкөдө соңку бир сутканын аралыгында коронавирустан 474 бейтап айыгып чыкты. Бирок ошол эле маалда 551 адам ооруну жуктуруп алганы аныкталды,о дагы үч бейтап каза тапты.  Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19ду жуктуруп алгандар:

  • Бишкек – 147;
  • Чүй облусу – 104;
  • Жалал-Абад облусу – 77;
  • Ысык-Көл облусу – 62;
  • Баткен облусу – 54;
  • Ош облусу – 42;
  • Ош – 34;
  • Талас облусу – 25;
  • Нарын облусу – 6.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери өпкөнү сезгенткен ооруну 66 504 адам жуктурганы расмий түрдө тастыкталды.

Учурда 3318 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Алардын ичинен:

Канааттандыраарлык абалда – 55 адам;
Орточо оор абалда – 2148;
Оор абалда – 987;
Өтө оор абалда – 128.
Мындан сырткары 3 972 адам үй шартында медиктердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Оорудан каза болгондор Бишкек шаарынан эки, Ош облусунан бир бейтап  акка моюн сунду.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1199 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.