“Бай Түшүм” банкына ууруга кирген шектүүлөр кармалышты (ФОТО)

Февраль айынан октябрга чейинки аралыкта облустагы банктардан, финансылык мекемелерден жана соода жайларынан ири суммадагы акча уурдалган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Бул кылмыштар Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун аймагында катталган.

10-февралда Теплоключенка айылында белгисиз бирөөлөр “Мол-Булак” кредиттик компаниясына кирип, жалпы суммасы 800 миң сом болгон уюлдук телефондорду уурдап кетишкен.

21-июлда шектүүлөр ушул эле айылда “Бай Түшүм” банкынын эшигин бузуп кирип, терминалдан 91 миң 250 сом акчаны алып кетишкен. Сентябрда Караколдо “Бакай банктын” терминалын бузуп ачууга аракет кылышкан. Ал жактан эч нерсе уурдай алышкан эмес.

Октябрда үч соода түйүнүнөн 50 миң сомдук товар уурдалган.

Жакында бул кылмыштарга шектүү катары облустун Ак-Суу районунун 31 жаштагы жана Чүйдүн Лебединовка айылынын 35 жаштагы тургуну кармалган. Облустук милиция аты аталган шектүүлөр кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганын белгиледи.

Соттун чечими менен алар эки айга камакка алынды.