Дүйнө

Анжелика агынан жарылды. Жардам сураган дени сак айрым адамдардан тажаганын айтты

“Жол торогон байкенин сакалын көрүп, намаз окуйт окшойт десем  спирт ичимдиги оозунан буркурайт. Келинчеги жанында. Мени тамашага салып жатат деп ойлоп, жардамчым видеого тартыптыр. Тамашасы жок эле , 600 сом алып кетти.

Ал акчаны мага бирөө берген жок, элге тарат деп. Аз уктап, көп иштеп таптым. Пандемия учурунда дүкөндөн чегин төлөткөн киши дагы болгон (сториске бөлүшкөм, кимдин эсинде?).

Жардам сурагандар өтө көп болуп кетти. Же мага эле Кудайым муктаждарды жиберип жатабы? Бир түз эфир учурунда бир кыз кафеден аркаман чыгып, унаама отургузбай кийимге акча бериңиз деп, тамакка эмес, кийимге акча сураган. Ошондо мен эсиңиздерде болсо айткам, кийимиң бүтүн туруп, башка чыныгы муктаждын нанын жебе деп.

Карызымды бергенге жардамдашыңыз деп 25 жаштагы чоң эле жигиттер келгенде, кадимкидей уялам. Карызды дагы тапкан кирешеңе жараша ал! Сен ал, мен төлөймүнбү деп тарс айтчу дагы болдум.

Мен операцияга акчасы жетпей жаткандардын баардыгына жардам бергим келет, колуман келишинче. Менеджеримди баары эле урушмай болду, давай пост чыгарсын деп, тилдеп! Бардыгын баракчама жүктөй албайм, алдагандар дагы жок эмес.

Менин дагы балдарым, кыялдарым, кредиттерим бар.

Кечээ, бир 50 жаштардагы эжеке келип, бир ай мурун мен алып берген дарылары түгөнгөнүн айтып, кадимки айлык алчудай кайра келиптир. Бир жолу сураңыз, калганын иштеп тапса болот эле да десем, «эмнеге бербейсиң мен кимден сурамак элем» деп кыйкырып, сен дагы мендей ооруп кал деп кетти.

Мындай ач көз, шүгүр кылбагандардын сөзүнө көнүп деле калдым. Ал эми менин көп балам бар деп, дени сак күйөөсү менен кошо жардам сурагандарга эмне дейбиз?”, — деп нааразычылыгын айтты Анжелика.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button