Спорт

Кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдеште алтын медалдарга татыды (ФОТО)

Кыргызстандык спортчулар сууда сүзүү боюнча Өзбекстан кубогунда алтын жана күмүш медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу КРдин сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Белгилей кетсек, ушул тапта Ташкент шаарында 2021-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиадага тандап алуу боюнча эл аралык турнир өтүп жатат. Ага Кыргызстандан сууда сүзүүчүлөр Денис Петрашов, Елизавета Рогожникова, Рамазан Омаров, Тенгиз Тюбеев, Айдар Сатаев жана Арлен Асылбеков катышууда.

«27-ноябрь күнү мелдештин айрым түрлөрү өттү. Анда 50 жана 100 метрге сүзүүдө (брасс ыкмасы) Денис Петрашов мыктылыгын көрсөтүп, алтын медаль алды. Лиза Рогожникова 200 метрге сүзүүдө алдына эч кимди салбай алтын медалга татыды», — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок Рогожникова 100 метрге жарышууда күмүш медалга гана жетише алды.

Айдар Сатаев 8-орунга (100 метрге), Рамазан Омаров 5-орунга (400 метрге) илиништи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button