Мамытов: Шайлоо мыйзамы бузулган учурда чара көрүү керек

Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана вице-премьер-министр Максат Мамыткановду кабыл алды.

Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана вице-премьер-министр Максат Мамыткановду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жана шайлоо алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чаралары талкууланды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев республиканын чек ара аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кошуу иш-чаралары боюнча маалымат берди.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу боюнча Республикалык штабдын учурдагы жасап жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.

Талант Мамытов мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоону уюштуруу, шайлоо учурунда коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү аракеттерин алдын алуу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Мамытов мамлекеттик органдар шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздап, шайлоо мыйзамдары бузулган учурларга өз убагында чара көрүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле, жумушчу жыйындын жүрүшүндө ишкерлерди жана чет элдик инвесторлорду, жарандарды жумуш орундары менен камсыздаган ири ишканаларды коргоо маселелери көтөрүлдү.