Саясат

Талантбек Мамытов: Садыр Жапаров чоң жоопкерчиликти өз мойнуна алып аракет кылып жатат

“Мекенчил” партиясынын активдүү мүчөсү Талантбек Алиевич Мамытов акыркы күндөрдөгү социалдык тармактардагы Садыр Жапаровдун тарапташтарына байланыштуу маалыматтар боюнча кайрылуу жасады:

“Урматтуу мекендештер акыркы учурларда фейсбуктан Садыр Жапаровдун сүрөтүн коюп алып, башкаларды тилдеп, сөгүп, жаман сөздөр менен каралаган фейк аккаунттар көбөйдү. Садыр Жапаровдун жакын тилектеш, санаалаш иниси катары жазып койойун. Эгерде кимде ким ошондой туура эмес интригант сөздөрдү, каралоолорду жазып жатышкан болсо, демек, алар чындап Садыр Жапаровдун тарапташтары же колдоочулары эмес. Тилекке каршы беш кол барабар эмес дегендей ар кандай адамдар бар экен.

Азыр эми 30 жылдан бери чырмалышып, чирип кеткен коррупционерлердин системасын сындыруу үчүн, Садыр Жапаров аябай чоң жоопкерчиликти өз мойнуна алып аракет кылып жатат. Буюрса чоң өзгөрүүлөр болот деп карапайым элдин дагы үмүтү жанып турат. Убакыт берип сабыр кылып туралычы. Андан көрө жакшы ниет кылып, Аллахтан сураналы өзгөрүү жолуна түшүп заманыбызда тынчтык болсун деп. Ичи кара, ниети бузук адамдарга ыйман, ынсап тилейли. Жакшылыктан үмүт үзбөй, баарыны ынтымакка, биримдикке чакырып,  жапа тырмак иштей турган убакыт келди. Келиңиздер баарыбыз жаман ойлорду, артка таштап Садыр Жапаровдун колуна кол, бутуна бут болуп Кыргызстаныбызды ушул баткактан алып чыгып кетели”,- деп кайрылуу жазды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button