3 млн сомдук декларацияланбаган товар кармалды

3 млн сомдук декларацияланбаган товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери үчүнчү өлкөдөн келген автоунаага тыкыр кароо жүргүзүшкөн учурда декларацияланбаган, товар коштоп жүрүүчү документтери жок жалпы салмагы 20 миң кг болгон 800 кап “полимер гранулаларды” табышкан.

Кармалган товардын жалпы наркы 2 млн 900 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.