Вице-премьер Мамытканов Баткенде чек арада жашаган элдин турмушун көрүп келди

Вице-премьер Максат Мамытканов Баткен облусуна барып, өзгөчө макамы бар чек ара аймактарындагы иштер менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, вице-премьер Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара заставаларында, чек ара жана ички коопсуздук объектилеринде болду.

Ал жактагы жашоо-тумушту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында салынып жаткан объектилерди кыдырып, Кулунду айылындагы бала бакчанын курулушу менен таанышты.

Ошондой эле саламаттык сактоо мекемелеринде, энергетика жана суу чарба объектилеринде да болду.

“Калкты, өзгөчө башка өлкө менен чектеш аймактарда жашаган жарандарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо өтө маанилүү. Алдыда бир нече айга созулган жылытуу мезгили турат, авариялык абал жаралбашы үчүн бардык аракеттерди көрүү керек”, — деди Мамытканов.

Мындан тышкары, вице-премьер Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.