ИИМ “Динамо” кыргыз дене тарбия-спорт коомунун 93 жылдыгына арналган иш-чара уюштурду

Кыргызстанда  “Динамо” кыргыз дене тарбия-спорт коому кылымга тете өмүр сүрдү. Коомдун 93 жылдыгына карата 10-декабрдан 11-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Динамо» дене тарбия-спорт комплексинде салтанаттуу түрдө ок атуу аянтчасынын, жалпы дене тарбияга даярдыктан өткөрүү жана ордо аянтчаларынын ачылышы, конференция болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги О.Урмамбетов, милиция кызматкерлери, чакырылган коноктор жана ИИБнын ардагерлери,  алардын арасында конференциянын 70  жакын делегаттары   катышты.

Иш-чара спорттук комплекстин плацында саптык кароо менен башталып, ардагерлер, милиция кызматкерлери жана делегация программа менен таанышкан соң, ок атуучу  аянтчанын, жалпы дене тарбияга даярдыктан өткөрүү жана ордо аянтчаларынын ачылышына катышты.

Мындан ары жаңы заманбап ок атуу жайында   милиция кызматкерлери жана спортчулар профессионалдык чеберчилигин  өнүктүрүү үчүн  машыга алышат.

Жаңы ок атуу аянтчасы   “Динамо” кыргыз дене тарбия-спорт комплексинин  2-кабатында жайгашкан, ал жайда бардык коопсуздук стандарттар сакталган. Ок  атуу галереяларынын стандарттык узундугу 10 метр, ошондой эле аткычтар үчүн 17 позиция түзүлгөн. Милиция кызматкерлери менен спортчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү  үчүн   өзүнчө кийим чечүүчү бөлмөлөр, гардероб, жуунучу бөлмө, курал-жарак сактоочу жайы бар. Ок атуу аянтчасында заманбап электрондук мишендер менен жабдылган.  

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ок атуу жана дене тарбия даярдыгы – ыкчам-кызматтык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууда милиция кызматкерлеринин кесиптик даярдыгынын ажырагыс бөлүгү экендигин баса белгиледи. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын ИИМнин жетекчилиги   спортко олуттуу көңүл бурат.

Ошондой эле “Динамо” кыргыз дене тарбия-спорттук коомунун аймагында жайгашкан “Ордо” аянтчасы ачылды.  “Мындай аянтчанын ачылышы милиция кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатат” ,-деп О. Урмамбетов билдирди.

Конференциянын негизги бөлүгү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин клубунда өттү. Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар коомдун 2015-жылдан 2020-жылга чейинки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчету менен таанышып, кеңештин курамы боюнча маселелерди карашты, ошондой эле Динамо коомунун төрагасын шайлоону өткөрүштү. Уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө «Динамо» кыргыз дене тарбия -спорт коомунун төрагасынын орун басары, милициянын полковниги Мадалиев Төрөкул Мамажакыпович баяндама жасап, отчеттук мезгилде аткарылган жумуштардын көлөмүн белгиледи.  “Коомдун максаты ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күжүрмөн -кызматтык даярдыгын, спорттун көп түрлөрүн  өнүктүрүү. Динамиадалар, чемпионаттар жана мелдештер өткөрүлүп турат. Динамо ок атуу, жеңил атлетика, самбо күрөшү, кол күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын курамына кирет.

Жыл сайын – 6 Чемпионат (ок атуу, спорттун көп түрлүүлүгү, самбо күрөшү,  күрөш,  волейбол ж.б.,) өткөрүлөт; 

2016-жылдан 2020-жылга чейин 660 мелдеш өткөрүлүп, ага 40 миңден ашуун спортсмендерибиз жана милиция кызматкерлери катышкан. Бирикменин Борбордук кеңеши Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын 32 Чемпионатын, 4 Кубок жана 8 Динамиадасын өткөрүп берген. Ага 10 миңден ашык адам катышкан. “Динамонун” тарбиялануучулары өткөн жылы гана спорттун ар кандай түрлөрү боюнча курама командалардын курамында эл аралык старттарда төмөнкү натыйжаларга жетишкен:

– Кенжебаев Э. – Самбо боюнча Азиянын чемпиону;

– Акматалиев Э. – Эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону;

– Филипов Б. – Дзюдо боюнча Азия Кубогунун жеңүүчүсү;

– Артыкалы кызы А. – Аялдар күрөшү боюнча Азиянын чемпиону;

– Эрлан Шеров – Азия Кубогунун жеңүүчүсү;

– Арыкпаев М.Т. – Ардагерлердин Эркин күрөш боюнча чеберлер арасындагы Дүйнө чемпиону;

– Бактияр кызы Нурзат – Бел боо күрөшү боюнча V Азия оюндарынын чемпиону;

 – Ирларспек уулу Н. – Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун лауреаты”,-деп Т. Маделиев билдирди.

Андан соң, Борбордук кеңешти жана текшерүү комиссиясын, “Динамо” кыргыз дене-тарбия –спорт коомунун төрагасын шайлоо иш-чарасы өттү.  Жамаат тарабынан көрсөтүлгөн ишеним менен коомдун  төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын полковниги Ниязбеков Улан Омоканович дайындалды.

Конференциянын жыйынтыгында  “Динамо” коомунун жыйыны толугу менен өтүп, анда уюмдун төрагасы, Кеңештин президиумунун жана Коомдук Борбордук кеңешине талапкерлер тандалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы