Таласта өспүрүмдөрдүн сабалышы боюнча иликтөө жүргүзүлдү

Талас шаарында 2 баланын сабалышы тартылган видеонун социалдык тармакта таралышы боюнча иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, биринчи видеодо Талас шаарынын 2003-жылы тургуну К.Н. сабалганы тартылган. Бул окуя 6-декабрда болгон.

Ал эми экинчи видеодо болсо Талас шаарынын 2005-жылы туулган тургуну С.А. сабалган. Бул окуя 10-декабрь күнү болгон. Аталган фактылар боюнча топ балдардын мушташы аныкталган эмес. Азыркы күндө эки тараптан тең арыз даттануулар болгон эмес. Эки видеонун бири-бирине байланышы жок.

Мындан тышкары социалдык тармакта тарап жаткан Талас шаарынын «поворот» жана «центрдин» жаш балдарынын урушу болот деген маалымат тастыкталган жок. Шаар аймагында патруль кызматы көчөлөрдө иштеп жатышат.