Бүгүн, 28-декабрда президенттикке талапкерлердин теледебаты башталат

Бүгүн, 28-декабрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясында президенттикке талапкерлердин биринчи теледебаты болот.

Бул күнү талапкерлер Канатбек Исаев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Ималиев телетаймашка чыгат. Дебат саат 20:00дөн 22:30 чейин созулат.

Ал эми калган 12 талапкер 29-30-декабрда күндөрү катышат.

Эске салсак, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январда өтөт.