Коом
Коронавирус. Айыккандар көбөйүп, жуктургандар азайды (Статистика)
Жаңы жылдын алгачкы күнү Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза таап, 58 киши аталган инфекцияны жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 30;
- Ош – 5;
- Чүй облусу – 7;
- Талас облусу – 2;
- Нарын облусу – 4;
- Ысык-Көл облусу – 7;
- Баткен облусу – 3.
Айыккандар:
- Бишкек – 75;
- Ош шаары – 17;
- Чүй облусу – 42;
- Ош облусу – 7;
- Талас облусу – 3;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 38;
- Жалал-Абад облусу – 13;
- Баткен облусу – 6.
Бир сутка ичинде коронавирустан Бишкекте эки киши каза тапкан.
Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 81 214кө жетти. Анын ичинен 76 351 бейтап ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 358 адам коронавирустун курмандыгы болгон.
Учурда стационарда 985 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 251 адамдын абалы оор болсо, 49 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда. 1 604 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.
Кечээтен бери эки медиктен коронавирус табылган. Бишкекте бир медицина кызматкери ооруну кызыл зонадан илештирип алса, дагы бири Ысык-Көлдөн жуктурган.