Садыр Жапаров тууралуу даректүү тасма тартылды (ВИДЕО)

Жакында эле, 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаров тууралуу кинорежиссер Төлөбай Өмүрзаков даректүү тасма тартты.

Тасмада Садыр Жапаровдун басып өткөн жолу, жашоосу, бала чагы, кыялы, келечектеги пландары, саясый карьерасы, айтор жеке жашоосундагы баардык окуя тууралуу маалымат толук камтылган.