Садыр Жапаров 28-январда филармонияда ант берет

“Ак үйдө” Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясынын датасы жана өткөрүлчү жери жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ант берет. Кезексиз шайлоодо жеңип чыккан жаңы президенттин инаугурация аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Уюштуруу комитетин мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт.