Окуялар

Көпүрөдөн секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы көпүрөдө мас абалындагы киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган жарандын аты-жөнү такталууда.

«Аталган айылдын Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндөгү көпүрөгө болжол менен 30-35 жаштагы кебетеси азиялык болгон эркек киши мас абалда чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, эркек адамды жерге түшүрүшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button