Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга чакырды.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстандын ишкерлер коомчулугу менен жолугуп, аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Казакстандагы ондогон ири компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.

Потенциалдуу казак инвесторлорунун суроолоруна президент Садыр Жапаров, өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери жооп беришти.