Швецияда кылмышкер сегиз адамды жарадар кылды

Швециянын түштүгүндөгү Йёнчёпинг провинциясында жайгашкан Ветланда шаарынын сегиз жашоочусу белгисиз адамдын кол салуусунан жарадар болушту. Бул тууралуу маалымат полициянын сайтында жарыяланган.

ТАСС кабарлагандай, окуя болгон жерге барган укук коргоо органынын кызматкерлери кылмышкерге каршы ок атуучу курал колдонушкан, кылмышкер болжол менен 20 жаштарда. “Ветландадагы кол салуу болжолдуу түрдө террористтик кылмыш катары бааланууда”-деп айтылат маалыматта.

Жаракат алган кылмышкер ооруканага жаткырылды. Анын абалы тууралуу маалымат жок.

Полиция кол салган адам кандай курал колдонгонун тактаган жок. Азыркы учурда укук коргоочулар анын шериктери болгон эмес деп эсептешүүдө.