Өзбек өкмөтү муктаж үй-бүлөлөргө турак жай сатып алууда 10 пайыздык субсидия берет

Өзбекстанда быйыл ипотека үчүн биринчи төлөнө турган төгүм 20 пайыздан 15 пайызга төмөндөтүлөт. Мындан тышкары ипотекалык насыя боюнча алты айлык жеңилдик мөөнөтү киргизилет.

3-мартта президент Шавкат Мирзиёев турак жай курулушун өнүктүрүү жана ипотекалык рынокко арналган видеоконференцияда сөз сүйлөдү.

«Турак жайын жакшыртууну каалаган аз камсыз үй-бүлөлөр баштапкы 15 пайыздык төгүмдүн 10 пайызын субсидия катары алышат. Башкача айтканда, калк үй сатып аларда баштапкы төгүмдүн 5 пайызын гана төлөй», – деген Мирзиёев.

Ипотека чени Ташкентте 12%, башка аймактарда 10% ашкан учурларда да насыянын бир бөлүгү субсидияланат.

«Маселен, айыл жеринде 54 чарчы метр аянттагы батир алууну каалаган үй-бүлө (болжол менен мындай турак жай 216 миллион сум же 20,5 миң доллар турат) баштапкы 3000 доллардын ордуна 1000 доллар гана төлөйт, калганы бюджеттин эсебинен жабылат. Эгер жеңилдетилген мөөнөт учурунда үй-бүлө айына 143 доллардан төлөп турса, мамлекет ай сайын калган 100 долларын жаап турат», – деп белгиленген жергиликтүү басылмаларда.

Шавкат Мирзиёев мындан тышкары миң үй-бүлөгө, өзгөчө оор абалда жашаган аялдарга ижара шартында соцалдык турак жай бөлүүгө убада берди.