Маданият

Каскадёр, цирк машыктыруучусу Асланайым Ашированын окуучулары Эл аралык конкурста жеңүүчү аталды

Бишкек шаарында  2021-жылдын 2-мартынан 5-мартына чейин “БАЛА-ЧАК” II Эл аралык фестиваль-конкурсу болуп өттү. Конкурста Кыргызстандын атынан көркөм гимнастика боюнча Кыргыз Мамлекеттик Циркинин атынан катышкан трио; Нурпери Сулайманова, Альбина Кадыралиева, Сезим Урудинова Гран-прини жеңип алышты. Ошондой эле Альбина Кадыралиева жалгыз өнөр көрсөтүп 1-орунду багындырды.  Ал эми бул окуучулардын машыктыруучусу Асланайым Ашировага Алтай Республикасынын Эл артисти Ирина Кензина эмгеги жана салымы үчүн статуэтка жана диплом тапшырды.

Биз бул боюнча жеңүүчү кыздардын машыктыруучусу Асланайым Ашировага кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:

“Өзүм жакшы баспай спортко кайтып келе албасам дагы кыздарды үйрөтөйүн деп аябай машыктыргам. Кечээ Эл аралык конкурста кыздарым Баш байгени жана 1-орунду багындырып мени кубандырды. Бир кездерде өзүм баса албай, бутум сүйрөлүп жүргөндө мени кээ бир адамдар “жаракаты менен кантип спортто ийгилик жаратмак эле?..” дешип шылдыңдап күлгөн.  Ичимден “Жаракат менен деле ийигилкке жетсең болот, мен силерге далилдейм!” дегем. Кечээ далилдедим. Дароо 3 диплом, 3 статуэтка алдык. Кыргыз Мамлекеттик Циркинин тарыхында бир учурда фестиваль конкурстарда уч статуэтка алуу мындай корунуш биринчи жолу болду!”,-деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button