Блогер Сыдымановго коюлган айып алынды. Соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Блогер Элмир Сыдымановго коюлган айып алынгандыгын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сыдыманов тергөө органы тарабынан Жазык-процессуалдык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 4-февралында Instagram соцтармагында Sydyman аттуу колдонуучу ыплас сөздөрдү колдонуп, аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган сөздөрдү айткан.

Соттук отурумда жактоочу тарабынан комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү келтирилип, аталган өтүнүч мамлекеттик айыптоочу тарабынан колдоого алынган.

“Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыдымановдун аракетинде аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган жок”, – деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 10-марттагы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Элмир Сыдымановго карата коюлган айыптан баш