Денис Петрашов Орусиянын ачык чемпионатына катышат

Сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 3-9-апрель күндөрү Казань шаарында (Россия) өтө турган Россиянын ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу 1-апрелден 10-апрелге чейин  Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен Казань шаарына жөнөтүлөт.