Бишкекте эки унаа кагышып, үч адам ооруканага жеткирилди

Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 3-апрелде болжол менен саат 23:30дар чамасында болгон. Анда 1996-жылы туулган Ш.А. аттуу айдоочу Toyota Mark II үлгүсүндөгү автоунаасы менен 7-апрель көчөсү аркылуу түштүк тарапка бара жатып, “У Гены” кафесинин тушунан карама-каршы багытта келе жаткан Honda CR-V унаасы менен сүзүшкөн. Натыйжада кырсыктан жабыркаган үч адам ооруканага жеткирилген.

Эки автоунаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.