Самара Каримованын туулган күнүнө 3 бөлмөлүү батир белек кылышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримовага курулуш компаниялардын бири 3 бөлмөлүү батир тартуулады. Ырчы кечээ, 4-апрелде Ош шаарында 30 жашын жана сахнадагы 10 жылдыгын белгилеп, той өткөрдү.

Ырчыны туулган күнү менен куттуктап өлкөнүн ар кайсы дубанынан, ал тургай чет өлкөдөн дагы меймандар келишти.

Тойго келген меймандар ырчыга, анын үй-бүлөсүнө каалоо-тилек айтышып, белектерин тартуулады. Жергиликтүү курулуш компанияларынын бири ырчыга 3 бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Ал эми Лейлек районунун администрациясы Самара Каримова көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап келерин белгилеп, райондун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарды.

Самара Каримованын чыгармачылыктан тапкан курбулары Малайзияга эс алууга жолдомо тартуулай турганын белгиледи.