Ысык-Көл марафонуна катышууга кызыккандардын саны көбөйүүдө

15-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүүчү ШКУнун Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization деп аталган IX эл аралык марафонуна катышуу үчүн 20 өлкөдөн эки миң арыз түшкөн. Бул тууралуу көчмө жыйында Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров айтканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Жыйында марафондогу жол коопсуздугу, медициналык персоналдын иши, ыктыярчыларды тартуу, мелдеш учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо, катышуучулар жана коноктордун коопсуздугу сыяктуу маселелер талкууланды.

Эскерте кетсек, аталган спорттук ири иш-чара 15-майда Ысык-Көлдө өтөт. ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.

Катышууну каалагандар http://runthesilkroad.com/   сайтынан же Эл аралык марафон дирекциясы аркылуу катталса болот.