Пайдалуу кеңештер

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын абалы айтылды

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн көпчүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөгү антитело калыптанууда. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

«Вакцинанын экинчи дозасын алган 1 362 киши антителого анализ тапшырышты. Көпчүлүгүнүн антителосу 195-200 көрсөткүчүндө экени аныкталды. Бул абдан жакшы жыйынтык. Тагыраагы, адамга бир-эки жыл коронавирус дээрлик жуктайт деп түшүнсөк болот. Андыктан жарандарды коронавирустан сактануу үчүн вакцина алууга чакырам. Учурда вакцина акысыз, каалаган эмдөө пунктуна барып алса болот», — деди Солтонбекова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button