Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм эки аялды өлтүргөнүн моюнга алды

Борбор шаардын милиция кызматкерлери эки аялды өлтүрүүгө шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 2021-жылы 12-майда болжол менен саат 11:25тер чамасында Бишкек шаардык ИИББдин “102” кызматына Жибек Жолу-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн эки алдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу, андан тышкары ИИБдин жетекчилиги, Бишкек шаардык ИИББ жана ИИМдин Криминалдык милиция кызматы барышып, барак тибиндеги жеке турак үйдөн зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар азият түспөлдүү 2 аялдын жансыз денесин табышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгондордун өздүгү аныкталган. Алар 1958-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган А.А. болушкан.

Аталган факт Свердлов райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин “Эки же андан көп адамды өлтүрүү” беренеси боюнча сотко чейин өндүрүш башталган жана зарыл болгон экспертиза дайындалган.

2021-жылы 13-майда ар тараптуу тергөө жана издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында Свердлов райондук ИИБ жана Бишкек шаардык ИИББдин Криминалдык милиция кызматкерлери шектүүнүн изине түшүшкөн.

Ыкчам маалыматты ишке ашырууда шаардын аймагынан кылмышка шектүү каратары мурда соттолгон Ысык-Көл облусунун тургуну 2005-жылы туулган Ж.М. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген, андан кийин ал Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек шаардык ИИББдин тергөө абак жайына камалган.

Сурак учурунда шектүү Ж.М. мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана адвокаттын катышуусунда күнөөсүн мойнуна алып, атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүшкө тиркелген материалдык далилдерди келтирген.

Муну менен катар жашы жете элек Ж.М. Ысык-Көл облусунда орто мектептин 7-классын аяктагандан кийин Токмок шаарында жашаганы аныкталды.