Акылбек Жапаров Башкы прокуратура Кумтөр боюнча кимдерди текшериши керектигин айтты

“Кумтөр” ишканасынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиясы укук коргоо органдарына жана Башкы прокуратурага 1992-жылдан берки президент жана премьер-министрлерди чет элдик компаниянын кызыкчылыгын колдогондугу үчүн жоопко тартуу боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйында комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров Экотехинспекциянын, Салык инспекциясынын директорлору, ”Центерра Голддун” директорлор кеңешинин кыргыз тараптын мүчөлөрү, “Кыргызалтын” башкармалыгынын төрагалары, ревизиялык комиссиянын төрагаларын дагы текшериши керектигин айтты.

“Алар мамлекеттин кызыкчылыгын коргобогондугу үчүн жана чет элдик компаниянын пайдасына чечим чыгаргандыгы үчүн жооп бериши керек. Бир коммерциялык уюмдун пайдасы үчүн мамлекетке чыккынчылык кылуунун белгилерин байкап жатабыз”, – дейт ал.