Саясат

Акылбек Жапаров: Саясий, мамлекеттик коррупция Кумтөрдүн эл үчүн иштешине тоскоол болуп келген

Өлкөдө бийлик алмашкан сайын Кумтөр боюнча чоң-чоң комиссиялар түзүлүп, аларга долбоордун аки-чүкүсүнө чейин текшерүү милдети тагылып турган, деп билдирди Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ЖК кезексиз жыйынында.

Анын айтымында,  комиссиялардын баары улам жаңы мыйзам бузууларды, орчундуу кемчиликтерди табышса да, баарынын эле иши кыргыз тараптын шартын болгону бираз жакшырткан, бираз оңдогону менен, жарым-жартылай чечимдер менен аяктап турган.

“Ушул жерде эмне үчүн дээрлик 30 жылга жакын убактан бери Кумтөрдүн маселеси аягына чыгарылбай келет, тийиштүү мамлекеттик органдарга, мамлекеттин жетекчилерине Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын толугу менен коргогон, толугу менен камсыз кылган чечимди кабыл алууга эмне тоскоолдук болуп келет деген суроо туулат. Бул жагдайдын бир эле себеби бар, ал – саясий, мамлекеттик коррупция”, — деп баса белгиледи Жапаров.

Ал 30 жыл мурда, 1991-жылы,  «Камеко» корпорациясы эч кандай тендери, конкурсу жок эле белгилуу, кадыр-барктуу компаниялар абдан пайдалуу сунуштарды бергенине карабастан, Кумтөрдү иштетүүгө укук алганын, өлкөнүн кызыкчылыктарына таптакыр карама-каршы келген келишимге 1992-жылдын 3-декабрында Канаданын Торонто шаарында кол коюлганын айтып өттү.

“Ошол күнү “свершилась фундаментальная несправедливость”: Кумтөр Голд Компаниясынын уставдык капиталынын 1/3 бөлүгү канадалыктарга берилип, алар баардык салыктардан, милдеттүү төлөмдөрдөн  курулуш иштери жүрчү мезгилге эле эмес, алтынды чыгарган күндөн тартып эсептелчү 5 жыл мөөнөткө да бошотулган.

“Уставдык капиталдын 67 %не ээ болуп, контролдук пакет колунда болсо да, кенди башкаруу укугун кыргыз тарап канадалыктарга берип салган. 2003-жылы, кендин Кыргызстандын карамагына  өтчү убагына 3-4 жыл калганда, келишим кайра түзүлүп, Реструктуризация жөнүндө келишимине парламенттин — Мыйзам чыгаруу жыйынынын тыюу салганына карабастан президент Аскар Акаевдин түз буйругу менен ошол кездеги премьер-министр Танаев кол коет. Жыйынтыгында Кыргызстанга жаңы тузүлгөн «Центерранын» болгону 33 % үлүшү тиет,  «Камеко Корпорейшн» 67 %га ээ болуп калат. Ошентип Кыргызстан Кумтөрдү башкаруу укугунан де-факто эле эмес, де-юре да ажырайт”, — деп билдирди Жапаров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button