Акылбек Жапаров: “Кумтөрдү” кытай, орус, казагы жок эле өзүбүз иштетебиз

“Кумтөрдү” кытай, орус, казагы жок эле өзүбүз иштетебиз. Бул тууралуу Парламентте мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, финансылык анализ, бизнес долбоорлордун анализи да жасалып бүттү. «Центерра» көп экологиялык, технологиялык туура эмес иштерди жасаганы аныкталып отурат. «Биз азыр киришпесек, адамдардын ден соолугуна өтө катуу коркунуч туулуп жатат.

Биз айтып жатабыз, 80 пайыз алтындын запасы Кыргызстанда болгондон кийин, “Центеррада” 50,1 пайыз акция болсо, биз макулбуз. “Кумтөр Голд Компаниде” эң аз 80 же 90 пайыз үлүш болушу керек. Же “Кумтөр Голд Компанини” 100 пайыз кыргыз тарап алсын, калган өздөрү сатып алган чыгымы көп долбоорлор менен кала беришсин деп атабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, Жапаров кенди иштетүү Кыргызстанга өтсө адистер ага даяр экенин кошумчалап, алтынды сатканга жана экономикага иштеткенге бардык механизмдер үч айда бүтүрүлгөнүн, иш үзгүлтүккө учурабай турганына ишендирди.

«Биз кенди 24 саат иштеткенге даярбыз. Финансы министрлиги 25 млн долларга тийиштүү насыя бергенге даяр. 2006-жылы да жумушчу топтун жетекчиси болуп турганда мен министр катары «Кыргызалтын» ишканасына 25 млн доллар берип, алтынды үзгүлтүксүз сатып алып, кайра сатып турганбыз. Укук коргоо органдары менен да коопсуздук жагынан иштеп жатабыз. Өткөн жумада чет жактан өчүрүүлөр болду, бирок бул боюнча да иштеп жатабыз»,-деди.