Байге фонду 100 миң сом. “Таттыбүбү кыргыз поэзиясында” сынагы өтөт

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын өчпөс элесине арналган “Таттыбүбү кыргыз поэзиясында” аттуу сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Таттыбүбү Турсунбаева атындагы республикалык фонду, Нурканбек Турсунбаев атындагы Эл аралык коомдук кайрымдуулук фонду жана Кыргыз Республикасынын эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы менен биргеликте өткөрүүдө.

Сынакка:

– 16 жаштан 37 жашка чейинки курактагы акындар катыша алышат;

– Тапшырылган ырлардын көлөмүнө чектөө коюлбайт;

– Чыгармалар жазуу түрүндө электрондук вариантта гана кабыл алынат;

– Бир автор бир гана ыр менен катышууга укуктуу;

– Ырлар мурда сынакка катышпаган болушу шарт;

– Чыгармалар Word. (doc же docx) файлдарында шрифт Times New Roman 14 өлчөмүндө, 1,5 аралыкта болуусу керек. Ырлар “Нурборбор” чыгармачылык академиясында кабыл алынып жатат.

Сынактын жалпы байге фонду 100 миң сом.

Баш байге: 15 миң сомдон (эки жеңүүчүгө);

1 – орун: 10 миң сомдон (эки жеңүүчүгө);

2 – орун: 7 миң сомдон (эки жеңүүчүгө);

3 – орун: 5 миң сомдон (эки жеңүүчүгө). Кызыктыруучу 12 сыйлык жана 2 миң сомдон акча каражаты. (Эскертүү: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөмдөрүн эске албаганда).

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 30-майда өтүп, атайын концерттик программа менен коштолот.