Россияда «WhatsApp» жана «YouTube’га» чектөө киргизилди

WhatsApp жана YouTube’дун домендери Россиянын Улуттук домендик аттар системасынын (НСДИ) реестринен жоголду. Мунун айынан түзмөктөр мессенжер жана видеохостингдин IP-даректерин ала албай калганын «Коммерсантъ» жазды.
НСДИ — бул «суверендүү Рунет» мыйзамынын алкагында Роскомнадзор түзгөн, РФ аймагында интернеттин туруктуу иштешин камсыздоого багытталган коомдук DNS-серверлердин жыйындысы.
Басылманын маалыматына караганда, НСДИден whatsapp.com жана web.whatsapp.com домендери гана өчүрүлгөн. Ошол эле учурда мессенжердин техникалык домени whatsapp.net жана кыска шилтемелер үчүн колдонулган wa.me домени реестрде сакталып турат. 10-февралда НСДИден YouTube’дун домени да жоголгон.
Маалыматка ылайык, учурда Россия аймагында WhatsApp жана YouTube’га кирүү VPN аркылуу гана мүмкүн болуп калды.
РБК келтирген эксперттин пикиринде, Роскомнадзор YouTube жана WhatsApp’ка чектөөлөрдү Telegram’ды жайлатуу максатында киргизген.
«Мунун себеби техникалык: ТСПУ жабдуулары (коркунучтарга каршы техникалык каражаттар, Роскомнадзор операторлор менен провайдерлердин тармактарына орнотуп берет) мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатат. Система “резина” эмес. Бир убакта YouTube, Telegram жана кошо WhatsApp’ты “басуу” инфраструктура үчүн оор. Бул эски ноутбукка үч оор тиркемени бирдей иштеткенге окшош. Мындан тышкары, Telegram’ды жайлатуу башкаларга караганда кыйыныраак, анткени анын коргонуу механизми күчтүүрөөк, мессенжер ар кайсы өлкөлөрдө блоктоого аракеттерге көнүп калган», — деген «Ультиматек» инфраструктуралык интеграторуунун башкаруучу директору Джемали Авалишвили.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине берген комментарийинде, эгер Meta компаниясы бийлик менен диалогго даяр болуп, Россиянын мыйзамдарын аткарса, WhatsApp’тын ишин калыбына келтирүү мүмкүн экенин билдирген.
«Эгер Meta корпорациясы мыйзамдарды аткарса жана россиялык бийлик менен диалогго кирсе, анда макулдашууга мүмкүнчүлүк пайда болот», — деген Песков.
Анын айтымында, эгер компания мурдагыдай эле «компромисске барбаган позициясын» сактап, Россия мыйзамдарынын талаптарын аткарбаса, анда мессенжердин ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгү болбойт.
10-февралда Роскомнадзор Telegram Россия мыйзамдарын аткарбай жатканын жана жарандардын маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча чара көрбөй жатканын билдирген. Ушуга байланыштуу ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен ырааттуу чектөөлөр киргизиле берери айтылган.
2025-жылдын август айында Россияда Telegram жана WhatsApp аркылуу чалууларга чектөө киргизилген. WhatsApp Россияны мессенжерди көзөмөл максатында бөгөттөп жатат деп айыптаган. Жыл аягында Роскомнадзор, эгер мессенжер Россия мыйзамдарынын талаптарын аткарбаса, WhatsApp’ты толугу менен бөгөттөө коркунучу бар экенин эскерткен.



