Коом

Коронавирус. Акыркы суткада дагы 681 адамдан табылып, 9 бейтап каза болду

Кыргызстанда 7-августка карата коронавирус дагы 681 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 327,
Ош шаарында – 8,
Чүй облусунда – 104,
Ош облусунда – 18,
Талас облусунда – 20,
Нарын облусунда – 12,
Ысык-Көл облусунда – 65,
Жалал-Абад облусунда – 82,
Баткен облусунда – 46 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 1 миң 513 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча тогуз бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 33 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 163 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 168 миң 415 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 155 миң 447 киши айыгып чыкса, 2 миң 389 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button