Окуялар

Ош – Араван каналына эки аял чөгүп кетти. Бир өспүрүм куткарылды — ӨКМ

Ош – Араван каналына эки аял чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлда Ош облусунун Мамакеев санаториясынын аймагында Ош-Араван каналына 3 аял киши (аты жөнү такталууда) сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 13:15те төрт куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жеткенге чейин эки адамдын сөөгү чыгарылган. Ал эми 15 жаштагы Н.К.Н. аттуу өспүрүм куткарылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button