Коом
Элвира Сурабалдиева менен Ахмеджан Мамадумаров депутаттык талапкерликке арыз таштады

Бүгүн, 2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн дагы эки талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка боюнча, №23 шайлоо округу боюнча талапкерликке Элвира Сурабалдиева, ал эми №4 округдан Ахмеджан Мамадумаров арызын тапшырган.
Айта кетсек, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген. Бул Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында өзүн-өзү таркатуу чечиминен кийин жарыяланган.



