Коом

Такыр-Төр көлдүн жарылышы тууралуу маалымат берилди

Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлүнүн жырылышынан улам 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үйү) жайгаштырылганын ӨКМден кабарлашты.

Ведомствонун кечээ саат 21:00гө карата берген маалыматына ылайык, абал төмөнкүдөй:

Көлдүн дамбасы кечээ саат 17:31 чамасында жарылган;

Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызып кеткен;

Учурда эки тараптуу жол жабык, тазалоо иштери жүрүүдө;

Элди көчүрүүгө Кант мэриясынан 11, райондук транспорт кызматынан сегиз кичи автобус тартылды;

Учурда суунун нугу турукташты. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган жок;

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев окуя болгон жерди тик учак менен көрүп чыкты. Абал министрдин көзөмөлүндө экени айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button