Коом

Токтогулда осетр балыгын өстүрүү үчүн инвесторлор изделет

Токтогул районундагы Жаӊы-Жол айыл өкмөтү «Токтогул балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын негизинде Токтогул суу сактагычында балык (осетр) кластерин түзүү» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо боюнча конкурс жарыялайт.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, квалификациялык тандоого арыз жана ага тиркелген документтер менен конверт Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Жаӊы-Жол айыл аймагынын Жаӊы-Жол айыл өкмөтү, Бекмырза ата көчөсү, 1 дареги боюнча 2024-жылдын 12-марты саат 17:00гө чейин курьердик кызмат же почта аркылуу кабыл алынат.

Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы менен төмөнкү шилтемедентаанышууга болот.

Бардык суроолор же кошумча маалымат үчүн: Жаӊы-Жол айыл өкмөтү тел.: +996 700 85 04 03, же МЖӨ борбору тел. +996 (312) 61-11-29.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button