Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 38 адамдан аныкталды, 2 бейтап каза болду

Акыркы суткада жалпы 89 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Ал эми бир суткада 38 адам жуктуруп алганы аныкталды.  Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 6, Ош шаарында – 6, Ош облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Талас – 1, Нарын – 1.

Учурда ооруканада  дарыланып жаткан 10 адамдын абалы оор, 2 адам реанимацияда.

Акыркы суткада эки адам коронавирустан каза болду. Бирөө Кара-Балта шаарынын тургуну 1953-жылы туулган жараны, экинчиси  Жалал-Абад облусунун 1947-жылы туулган жаран коронавирус илдетинен каза болушту.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button