Коом

Бишкектеги райондун тургундары көмүр сатуучу жайларга нааразы болушууда

Депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңештин жыйынында экология маселесин көтөрдү. Айтымында, ага Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү мал базарындагы көмүр сатуучу жайдын айынан дем алуу мүмкүн болбой калганын билдирген кайрылуулар көп болууда.

«Буга чейин көмүр саткан жай айланма жолдун аймагында болгон. Азыр алар аталган базарга көчүп келип, жакынкы райондордун экологиялык кырдаалын начарлатып жатышат. Тургундар эптеп мал союучу жайды жаптырышканын, а эми көмүр сатуучу жай ачылганын айтышууда. Макул, мүшөктөп сатышсын, ага тургундар каршы эмес, тонналап сатышканда чаң, кир учур чыгып жатат», — деген депутат көмүр сатуучу жайларды шаар сыртына чыгарууну сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button