Коом

Чүй облусунда милиция кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандарга алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын аймагында жашап, иштеп жүргөн чет элдик жарандарга милиция кызматкерлери тарабынан ар дайым алдын алуу жумуштары жүргүзүлүп турат.

Бул жолу Чүй ОИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү  кызматынын кызматкерлери милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте Кыргызстан аркылуу Бириккен Араб Эмиратына жана Сауд Аравиясына жумушка чыгып жатышкан чет элдик жарандар менен жана Чүй облусунун аймагында эмгетнишип, окушуп жүрүшкөн жарандар менен жолугушуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун баардык аймактарында Афганистан, Пакистан, Индия жана Иран өлкөлөрүнөн келген чет өлкөлүк жарандардын жашаган жерлеринде жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууда кылмыштуулук жана башка тартип бузуулурды алдын алуу боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүп, эгерде кандайдыр бир зарыл учурлар болсо байланышуу үчүн жергиликтүү ИИОнун байланыш телефондору берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button