Коом
Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталабы? Билим берүү министрлигинин жообу
Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылын 1-сентябрда баштоо маселесин карап жатат. Маалыматты министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматта министрлик жарандардын кайрылуусун эске алып, 2022-2023-окуу жылын 1-сентябрга кайтаруу маселесин карап жаткандыгы айтылат.
«Буга ата-энелердин жана мугалимдердин кайрылуусу себеп болду. Алар окуучулар чарчап калып жаткандыгын жана окуу жылынын жылдырылышы алардын жетишкендиктеринин төмөндөшүнө алып келерин айтышууда. Ошондой эле сабактарды калтырган балдардын санынын өсүшү мүмкүндүгүн билдиришүүдө», — дейт министрликтин басма сөз кызматы.



