Коом

Кыргызстан 2024-жылга 30 миң тонна битум сатып алат

Кыргызстанда 2024-жылы жолдорду оңдоо жана куруу үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 30 миң тонна битум сатып алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, учуруда келишимдер түзүлдү жана ведомство жакынкы арада каражат бөлөт.

“Даяр келишимдер бар, биз жакынкы арада төлөмдөрдү жүргүзө баштайбыз. Күндүн жылышы менен оңдоо иштери башталат”, — деп кошумчалады министр.

Ошондой эле Бакетаев белгилегендей, келерки жылдын бюджетинде өлкөнүн жол кызматтары үчүн жаңы атайын техникаларды сатып алууга каражат каралган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button