Окуялар
Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан Рыспек Акматбаевдин ата-энеси көз жумду. ФОТО

Ысык-Көл облусундагы жол кырсыктан Рыспек Акматбаевдин ата-энеси каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттиги жазып чыкты.
Кырсык бүгүн, 4-октябрда болду. Унаа Чолпон-Атадан Балыкчыны көздөй бара жаткан. Бирок айдоочу кайрылышта рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен.
Унааны 1937-жылы туулган Абдымалик Акматбаев башкарып бара жаткан. Жанында жубайы бар болчу деп айтылат маалыматта.





