Коом
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков мас абалында автоунаа айдап бара жаткан учурда кармалды

Алгач кызматын бетине кармап, ишти ошол жерден бүтүрүп кетүүгө аракет кылганы айтылат. Бирок наркологияга алып барганда, ичкени аныкталып, өзү «бир аз сыра ичкенин» моюндады.
Жыйынтыгында автоунаасы айып коргоого киргизилип, өзүнө 17,5 миң сом айып салынды.



