Коом

Чет өлкөлүктөрдү сабаган жаран кармалды

Ички иштер министрлиги тарабынан 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул факт боюнча Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (массалык башаламандык) жана 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Анын негизинде чет өлкөлүк жарандарды сабаган шектүүлөрдүн бири кармалды. Андан тышкары, ал адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыган.
2024-жылдын 18-майынан тартып социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандары сабалган видеотасма тарай баштаган. Видеодо 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү саргыч боз кийимчен белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабап жатканы чагылдырылган.
Алынган маалыматтар боюнча аталган факт 18-майда таңында болгон. Азиат түспөлүндөгү белгисиз төрт адам “Дордой” базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.


Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КИББдин кызматкерлери жүргүзө баштаган. Аталган окуя болгон жерге жакын жайгашкан видеобайкоо камераларынын жазууларын көргөндө кол салган төрт адам кара түстөгү “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа менен 18-майда таңкы саат төрттө келишкени аныкталган.
Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун тургунуна катталган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа табылган. Аталган унаанын рулунда Ысык-Көл районунун тургуну 1999-жылы туулган
Азат Жекшенбеков экендиги белгилүү болуп, кармалды. Ал учурда Бишкек шаарында жашап, эмерек жасоочу цехтин кызматкери болгон.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы унаа токтотуучу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылып, укукка каршы аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button